Нур-Султандагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бир катар документтер жактырылды

Нур-Султандагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бир катар документтер жактырылды

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бир катар документтер каралып, жактырылганын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Алар төмөнкүлөр:

  • «Евразия экономикалык биримдигинде жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу» маселе алкагындагы тапшырма
  • «Электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттарынын айрым түрлөрүнө карата ЕАЭБдин бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын ставкасын белгилөө жөнүндө жана Казакстан тарабынан Дүйнөлүк соода уюмуна колдонуу шарты катары кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык, ЕАЭБдин бажы тарифинин алымдарынын ставкаларына ташып келүү бажы алымдарынын төмөн ставкасы колдонулган товарлардын тизмегине жана мындай алымдардын ставка өлчөмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» маселе алкагындагы тапшырма
  • «ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумунун учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги жөнүндө» тескеме
  • «Евразия экономикалык биримдигинин 2014-жылдын 29-майындагы келишимине физикалык жактар тарабынан товарларды электрондук соода жүргүзүүдө кыйыр салык алуу тартиби жаатында өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору жөнүндө» маселе алкагындагы тапшырма
  • «Евразиялык агроэкспресс» айыл чарба продукциясын тездетилген темир жол рельси аркылуу ташууну ишке ашыруу боюнча Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин биргелешкен долбоору жөнүндө тескеме»
  • «Бажы биримдиги комиссиясынын айрым транспорттук каражаттардын түрүнө карата айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» маселе алкагындагы тапшырма
  • «Евразия экономикалык биримдигинин айрым демилгелерине Өзбекстан Республикасынын катышуусу жөнүндө» маселе алкагындагы тапшырма
  • «Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердеги макроэкономикалык абал жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар жөнүндө» буйрук
  • «Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандык авиакурулуш жаатындагы өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча 2022 – 2023-жылдарга Иш-чаралар планы («жол картасы») жөнүндө» тескеме
  • «Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» тескеме
  • «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» тескеме.

Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2022-жылдын 21-22-июнунда Брест шаарында (Беларусь Республикасы) өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды