Россия менен КРнын өз ара соода жүгүртүүсү 2.5 млрд долларга жакындады

Россия менен КРнын өз ара соода жүгүртүүсү 2.5 млрд долларга жакындады. Бул тууралуу Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өткөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун РФнын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жапаров белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын март айында КР менен РФнын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толот.

«Эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатат. Алсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 47%га өсүп, 2.5 млрд долларга жакындады. Гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык кеңейүүдө», – деди ал. 

Михаил Мишустин өнөр жай, машина куруу, радиоэлектроника, санариптик экономика, жашыл энергетика жана транспорт тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды