Улуттук банктын эл аралык резервинде 2.8 млрд доллар бар

2022-жылдын 22-февралына карата Улуттук банктын эл аралык резерви 2 млрд 792.4 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу регулятордун кечээ, 24-февралда валюта рыногундагы абал боюнча билдирүүсүндө айтылды.

Улуттук банктын билдирүүсүнө таянсак, бул эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн 6 айын камсыздайт.

«Эл аралык резерв запасынын жетиштүү болушу жана валюталык интервенцияларды жүргүзүү аркылуу Улуттук банктын ыкчам кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнүн болушу валюта рыногунда жагдайдын туруктуу абалда кармалып турушун камсыз кылат», – деп айтылат билдирүүдө. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды