Ысык-Көл айланма жолунун курулушу боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды

Ысык-Көл айланма жолунун курулушу боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосунда Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоого кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 2-февралында кабыл алынган. Эскерте кетсек, Ысык-Көлдөгү 80 чакырымдык  велосипед жолу да ушул долбоордун алкагында курулаары буга чейин айтылган болчу.

Макулдашуу менен Балыкчы — Каракол — Балыкчы автожолунун (Корумду а. — Балбай а.) 104 — 184.5 км тилкесин реконструкциялоо каралат.

Долбоор төмөнкүлөрдү камсыздайт:
  • Ысык-Көлдүн курорттук аймагынын республиканын облустары, ошондой эле Казакстан жана КЭР менен жол байланышын жакшыртууну
  • ички жана эл аралык туризмди мындан ары өнүктүрүү үчүн Ысык-Көл шакекчесинин жол жээгиндеги инфраструктурасын жакшыртууну
  • өнөр жай өндүрүшүнүн жана айыл чарбасынын өнүгүүсү жана өсүшүн
  • Ысык-Көл шакегин Казакстандын жана Россиянын жолдору менен байланыштырууну.

Реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө аялдамаларды, арыктарды орнотуу, жарыктандыруучу лампаларды орнотуу, көпүрөлөрдү реконструкциялоо жана кеңейтүү, веложол жана тротуарларды куруу жана башкалар аркылуу жолду жабдуу каралган.

Жолдун техникалык абалын жакшыртуу менен төмөнкүлөргө жетишүүгө болот:

  • товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматтарынын аймактык рынокторуна жеткиликтүүлүктүн кеңейиши
  • жолдо жүрүү убактысы кыскарат
  • транспорттук каттам жана мобилдүүлүк жакшырат
  • Ысык-Көл жана Түп райондорунун Темировка, Григорьевка, Кожояр, Семеновка, Ананьево, Жаркымбаев, Чоң-Өрүктү, Орто-Өрүктү, Ой-Тал, Ой-Булак, Кутурга, Фрунзе, Ак-Булуң, Күрмөнтү, Балбай Баатыр айылдарынын жол жээгиндеги инфраструктурасы (жаңы тамактануу пункттары, май куюучу станциялары, техникалык тейлөө станциялары ж. б.) жакшырат.

Мындан тышкары, курулуш мезгилинде облустун Ысык-Көл жана Түп райондорунун жергиликтүү калкы үчүн жумуш орундары түзүлүп, жол жээгиндеги инфраструктура жабдылгандан  кийин туруктуу жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды