«Альянс Алтын» бюджетке 4.5 млрд сомдон ашык акча төлөдү

«Альянс Алтын» бюджетке 4.5 млрд сомдон ашык акча төлөдү

Үстүбүздөгү жылдын 10-февралына карата «Альянс Алтын» ЖЧКсы республикалык жана жергиликтүү бюджетке жалпысынан 4 млрд 519 млн сом, анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн кирешеден 1 млрд 983 млн сом салык төлөдү. Мындай маалымат компаниянын отчетунда айтылат.

Талас районунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана күтүүгө «Алтын Альянс» тарабынан 254.6 млн сомдон ашык төлөнгөн. Анын ичинде:

  • Талас облусунун өнүктүрүү Фонду (50%) — 127.3 млн сом
  • Талас районунун өнүктүрүү Фонду (30%) – 76.4 млн сом
  • Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду (20%) — 50.9 млн сом

2022-жылдын февралына карата кенде подрядчы уюмдарды кошкондо 1366 адам жумуш менен камсыз болгон. Анын ичинен 330 жумушчу Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундары.

  • «Альянс Алтын» ЖЧКсында 668 кызматкер иштейт:
  • 393 – Талас районунан (анын ичинен 156 Бекмолдоев айыл өкмөтүнөн),
  • 186 – башка аймактардан,
  • 89 – Бишкек шаарынан.

Талас районунун 361 тургуну кенде иштөө үчун окуган болсо, анын ичинен 197 адам «Альянс Алтын» ЖЧКсына жумушка орношкон.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды