«Баткен» бажысы 7.5 тонналык контрабандалык жер семирткичти кармашты

«Баткен» бажысы 7.5 тонналык контрабандалык  жер семирткичти кармашты

«Баткен» бажысынын кызматкерлери жалпы салмагы 7.5 тоннаны түзгөн контрабандалык жол менен ташылып келинген минералдык жер семирткичтерди аныкташты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

«Баткен» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен шаарында КР жараны  «Ж.у.А.» башкаруусунда «Mercedes-Benz 814» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн жалпы салмагы 7500 кг болгон «Селитра» минералдык жер семирткичтери табылган. Жүк чектеш мамлекеттен бажы мыйзамдарын бузуу менен алынып келинген.

КР Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык, кармалган товардын баасы 337 миң 500 сомду түзөт. Бул факты боюнча материалдар «Баткен» бажысында каралууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстан бир дагы кг минералдык жер семирткич өндүрбөйт, толугу менен импортко көз каранды. Жер семирткичтердин негизги бөлүгү – 85-87% Өзбекстандан, ал эми фосфордук, аммофос, калийдик жер семирткичтер болсо Россиядан жана Казакстандан келет.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды