«Бишкек Парк», «Айчүрөк», «Бета Сторес». Бишкектеги ири соода борборлордун ээси ким?

Govori.TV маалымат порталы Юстиция министрлигинин электрондук базасындагы маалыматтардын негизинде, Бишкектеги ири Соода борборлоруна кимдер ээлик кылаары тууралуу макала жарыялашкан.

Анда соода түйүндөрдүн басымдуу бөлүгү экс-чиновник, мурдагы депутат, жеке ишкерлердин жакын туугандарына таандык экени айтылып, алардын тизмеги берилген.

  • «Бишкек Парк» соода борбору

Негиздөөчүсү — Айдын Мыстажыоглу. Жетекчиси — Фатих Зенгин.

  • «Айчүрөк» соода борбору

Жетекчиси — Михин Михаил Иванович. Акцияларына 680 киши ээлик кылат.

  • «Бета Сторес» соода борбору 

Негиздөөчүсү жана жетекчиси Юсуф Угур.

  • «Вефа» соода борбору

Негиздөөчүсү — Улукойлу Ахмет. Жетекчиси — Айтекин Килит.

  • «Дордой Моторс» соода борбору

Негиздөөчүлөрү — Салымбеков Эркинбек Мамытбаевич, Салымбеков Аскар Мааткабылович, Салымбеков Улугбек Аскарович, Салымбеков Мамытбай Маткабылович. Жетекчиси — Салымбеков Эркинбек Мамытбаевич.

  • «Космопарк» соода борбору

Негиздөөчүлөрү — Салымбеков Улугбек Аскарович, Салымбеков Мамытбай Маткабылович. Жетекчиси — Кайыпов Алмаз Малдыбаевич.

  • «Таатан» соода борбору

Негиздөөчүлөрү — Хуан Цзяньхун жана Султанова Жаркынай Жармаматовна. Жетекчиси — Хуан Гуан.

  • «Таш-Рабат» соода борбору

Негиздөөчүлөрү — Мамазаиров Бозулан Эркинович жана «МБЭ ГРУПП» ЖЧКСы. Жетекчиси — Шадыева Бакыт Гулмаматовна.

  • «Гоин» соода борбору

Негиздөөчүлөрү — Хэн Чэнюй жана Мунире. Жетекчиси — Садыков Чынгыз Самарбекович.

  • «Детский мир» соода борбору

Негиздөөчүсү — Абдыгулов Максат Сулайманбекович. Жетекчиси — Шийкинбаев Чыңгыз Алишерович.

  • «Беш-Сары» соода борбору

Негиздөөчүсү — Жолдошбаев Камчыбек. Ал эми жетекчиси — Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна.

  • «Аламедин Гранд» соода борбору

Негиздөөчүлөрү — Шаршенбаев Ажибек Ырысбекович, Шаршенбаев Ажибек Ырысбекович, Салымбеков Кубат Аскарович, Шаршенбай уулу Руслан. Жетекчиси — Мааткабылов Райымбек Шаршенбаевич.

  • «Сеул Плаза» соода борбору

Негиздөөчүлөрү — Джен Мансик, Дайырбеков Нурбек Үсөнбекович, Акинеева Гульмира Салмарбековна. Жетекчиси — Джен Мансик.

  • «Табылга» соода борбору

Негиздөөчүсү жана жетекчиси — Газыбеков Бейшенали Сабырович.

  • «Берекет-Гранд» соода борбору

Негиздөөчүсү — «Берекет» ЖЧКсы. Жетекчиси — Иманбердиев Замирбек Исаевич.

  • «Весна» соода борбору

Негиздөөчүлөрү — Түлеев Нарынбек Ташболотович жана «Ташболот холдинг». Жетекчиси — Түлеева Назгуль Наримановна.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат