Президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат
2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат. Мындай чечимди бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.
БШКнын билдирүүсүнө караганда, азыркы учурда алардын эң көбү, тагыраагы 20 шайлоо участогу Россияда түзүлдү.
Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды. Кореяда жана Италияда 3төн шайлоо участогу иштейт. Өзбекстанда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу түзүлдү.
Калган 23 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө, анын ичинде Австрияда, Чехияда, Словакияда, Польшада, Улуу Британияда, Беларуссияда, Литвада, Венгрияда, Бельгияда, Францияда, Швейцарияда, Сауд Арабиясында, Кувейтте, Катарда, Египетте, Азербайжанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Малайзияда, Пакистанда, Индияда, Японияда жана Монголияда уюштурулду.
Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 33 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлдү.
Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландаштырылууда.