«Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде 40 миң гана доллар болгон

«Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде 40 миң гана доллар болгон

Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде 40 миң гана доллар болгон. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 26-февралда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Амангелдиев «Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизилгенде элдерде кыргыз тарап өзү иштете алабы деген күмөн саноо болгонун айтты.

«Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде 40 миң гана доллар болгон. Азыр мурдагы өндүрүш көлөмүнө келди. 2021-жылы киреше салыгы боюнча салыктык милдеттенмелеринин баарын аткарды», – деди Амангелдиев.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ошондогу убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын ишмердүүлүгү боюнча отчетунда билдирген болчу. Анда Бөлтүрүк былтыры жыл башынан бери компания 13.6 млрд сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгонун, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөнүн, натыйжада, чегерүүлөр планы 150%га ашканын айткан.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды