Россия Кыргызстандын бюджетин колдоого 10 млн доллар берген

Россия Кыргызстандын бюджетин колдоого 10 млн доллар берген

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров РФнын премьер-министри Михаил Мишустинге өткөн жылдын аягында көрсөтүлгөн каржылык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, Россия КРнын бюджетин колдоого 10 млн доллар бөлгөн.

КР Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтулаарын белгилеп, ЕАЭБдин алкагында интеграция маселелерине өзгөчө маани берерин билдирди.

«Бул биздин өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири. Кыргыз тарап интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүү жана жалпы максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», – деди ал.  

Эскерте кетсек, Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында жолугушкан.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды