Рынокто доллардын дефицити болбойт – Амангелдиев

Рынокто доллардын дефицити болбойт – Амангелдиев

Рынокто доллардын дефицити болбойт. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 26-февралда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, доллардын курсун рынок толук өзү тейлейт. Анткени коңшу Казакстан жана Россия республиканын соода өнөктөшү болгондуктан кандайдыр бир деңгээлде андан да көз каранды.

«Эгерде өлкөдө доллар кескин түрдө көтөрүлүп кетсе, Улуттук банктын 6 айлык резервдери экспорт-импорт операцияларын толук жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк берет. Улуттук банк соңку интервенция менен чыгып, болгону 13 млн доллар сатканда рынок толгонун көрсөттү. Керек болсо Улуттук банк 80-100 млн долларлык интервенция менен чыгууга даяр эле», – деген Амангелдиев, Казакстан менен Россиянын Улуттук банктары да интервенцияларды жүргүзгөнүн жана учурда эч кандай ажиотаж, күчөгөн суроо-талап жок экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 22-февралына карата Улуттук банктын эл аралык резерви 2 млрд 792.4 млн долларды түзгөн. Буга чейин 24-февралда Украинадагы окуялардан улам Кыргызстандагы доллардын курсу кескин көтөрүлүп кеткенде, Улуттук банк валюта рыногунда жагдайдын туруктуу абалда кармалып турушун камсыз кыла алаарын билдирген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды