Бишкектен Алматага аба каттамдарынын саны аптасына 12 каттамга чейин көбөйдү

Бүгүн, 1-марттан баштап «Эйр Астана» авиакомпаниясы Алмата – Бишкек – Алмата каттамы боюнча авиарейстерин аптасына 12 каттамга чейин кобөйтөөрүн «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин «Эйр Астана» авиакомпаниясы жогоруда аталган каттам боюнча күн сайын, башкача айтканда аптасына 7 жолу учуп турчу. 1-марттан тарта дагы 5 каттам кошулду.

Ошентип, жүргүнчүлөр Бишкектен Алматага дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума жана ишенби күндөру эки жолу уча алат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат