2021-жылы MegaCom Кыргызстан бюджетин 2.6 млрд сомго толуктады

2021-жылы MegaCom Кыргызстан бюджетин 2.6 млрд сомго толуктады

Коомчулук алдында тунук иштеп жана отчеттуулук боюнча компания саясатына ылайык, MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору 2021-жылга карата «Альфа Телеком» ЖАКтын ишинин каржылык жыйынтыктарын жарыялады.

Оператордун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 12 айынын ичинде MegaCom Кыргыз Республикасынын бюджетин 2.595 млрд сомдон ашуун каражатка толуктады. Анын ичинде:

  • Отчеттук мөөнөт ичинде салык жана төлөмдөр 1.304 млрд сомду түздү;
  • Мамлекеттик бюджетке башка төлөмдө 0.897 млрд сомдон ашты;
  • 2020-жылы каржы ишмердүүлүгү үчүн 2021-жылы төлөнгөн дивиденддердин суммасы 0.395 млрд сомдон ашты.

Мындан тышкары, «Альфа Телеком» ЖАК 2021-жылы 1.503 млрд сом таза киреше тапкан.

Акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык болгон MegaCom оператору каржылык милдеттемелерин толук аткарып, Кыргыз Республикасынын бюджетине өз убагында жана толугу менен төлөп турганын компанияда баса белгилешти.

«MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору ишкананын кирешесин жана Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине төлөмдөрдү мындар ары да көбөйтүүнү максат кылды, – дейт, 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов. – Ошону менен бирге, MegaCom компаниясы республика боюнча түйүндөрүн кеңейтип, ыңгайлуу тарифтерди жана актуалдуу санарип сервистерди ишке киргизүү боюнча пландарын уланта бермекчи».

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды