«Ошэлектро» жана «Чыгышэлектронун» мурдагы жетекчилери бир топ миллиондук карыздарды эсептен чыгарганы үчүн кармалды
Баш прокуратура «Ошэлектро» жана «Чыгышэлектронун» филиалдарынын мурдагы жетекчилерин электр жарыгы үчүн көптөгөн миллиондук карыздарды эсептен чыгарганы үчүн кармады. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.
«Ошэлектронун» кызматкерлери 2016-жылдан 2021-жылга чейин электр жарыгы үчүн 134.4 млн сом дебитордук карызды, ал эми «Чыгышэлектронун» Нарын филиалы – 219.7 млн сом дебитордук карызды мыйзамсыз эсептен чыгарганын прокурордук текшерүу аныктаган.
Баш прокуратура 336-берене («Коррупция») боюнча кылмыш ишин козгоп, «Ошэлектронун» мурдагы жетекчиси Д.Д.Ини, ррупция») УК КР и задержала экс-главу «Ошэлектро» Д.Д.И., Тянь-Шань РЭСинин жетекчиси Б.Т.Ону жана «Чыгышэлектронун» Нарын филиалынын мурдагы директорлору А.А.А. жана Ж.А.Мди камакка алды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.