Экономика министрлиги коомдук тамактануу жайлары үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын төмөндөтүүгө макул

Экономика министрлиги коомдук тамактануу жайлары үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын төмөндөтүүгө макул

Коомдук тамактануу ишканалары жана Экономика министрлиги бирдиктүү салыктын ставкасынын өлчөмү боюнча жумушчу топ түзүшөт. Бул тууралуу «Бизнес жаңы Салык кодексинин шарттарында: тирүү калуу!» деп аталган тегерек столдо рестораторлор жана мейманканачылар Ассоциациясынын президенти Евгений Тян билдирди.

Анын айтымында, бийлик мурда айткан ставкалардан акырын түшүүдө, бирок ошондо деле 6%дык көрсөткүч бул тармакка терс таасирин тийгизет.

«ХоРеКа клуб Ассоциациясынын» директору Гүлзат Райымбекова коомдук тамактануу базарына өгөй мамиле жасалып жатканын белгиледи.

«Баары эле ачык, таза иштейт деп айткандан алыспыз. Ооба, бизде мындай ишканалар бар экендигин да мойнубузга алабыз. Бирок бир консенсуска жетүү үчүн экономикалык сапаттуу негиз керек. Өткөн жылдарга карасак, биз салыктык келишимдин негизинде иштегенибизде 2%дык ставка бар болчу. Салык кызматы үчүн бул көрсөткүч 6.3%ды түзгөн. Ошондуктан Экономика министрлиги сандарды төмөндөтүүгө макул», – деди ал.

Райымбекова базар көмүскөдөн чыгып, салык төлөөгө даяр экенин, бирок жеткиликтүү сандар керектигин, эгерде ошондой эле ишкерлер көтөрө алгыс жогору пайыз бойдон кала турган болсо (жаңы Салык кодексинде 8% – ред.), көптөгөн ишканалар жабылаарын баса белгиледи.

Ал ошондой эле Экономика министрлиги менен коомдук тамактануу тармагында сандар боюнча пикир келишпестиктер бар экенин, бирдиктүү салыктын ставкасы чыдай албагыдай жогору экенин далилдеш үчүн ишканалар хронометраж жүргүзүүгө даяр экенин кошумчалады.

  • Белгилей кетсек, тегерек стол  Economist.kg басылмасы тарабынан уюштурулган.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды