Ысабеков: ККМди колдонууну жарандар өздөрү талап кылат деп үмүттөнөбүз

Экономика жана соода министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков калкты ККМди колдонууга үндөө иштери жүрүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал Economist.kg басылмасы уюштурган«Бизнес жаңы Салык кодексинин шарттарында: тирүү калуу!» деп аталган тегерек столдо билдирди.

Ысабековдун айтымында, сунуш кылынган кэшбэк системасы кардарларды ККМди колдонууну талап кылууга жардам берет.

«Товардын наркынын бир бөлүгү кардардын эсебине кайтарылат. Коңшу мамлекеттерде 1 кассага 27-35 адам туура келет деген статистика бар, бизде бир ККМге 250 адам туура келет», – деди ал.

Мындан тышкары, ал ККМдин чектери менен лотереяларды ойнотуу, ага баалуу байгелерлерди коюу пландалып жатканын билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат