Бардык Mastercard төлөм системасы Россиянын аймагында ишин токтотот

2022-жылдын 10-мартынан тартып Mastercard төлөм системасы Россиянын аймагында ишин токтотот. Бул тууралуу «Айыл Банк» ААК билдирди.

Бул ушул күндөн тартып, КРнын банктары тарабынан чыгарылган бардык Mastercard карталарын, анын ичинде «Айыл Банк» ААКсынын карталарын Россиянын чекене соода түйүндөрүндө жана банкоматтарында тейлөө токтотулат дегенди билдирет.

Ошентип, жакында Россияда КРнын банктарынын карталары менен төмөнкү операциялар жеткиликсиз болот:

  • банкоматтар аркылуу накталай акча алуу
  • соода түйүндөрүндө Pos-терминалдар аркылуу төлөм жүргүзүү
  • россиялык интернет-дүкөндөрдөн онлайн сатып алуу.

«Айыл Банк» ААКсы тарабынан чыгарылган Mastercard карталары Кыргызстанда жана РФдан башка өлкөлөрдө кадимкидей иштей берет.

«Айыл Банк» ААК Россиянын аймагында жайгашкан кардарларга алдын ала жетиштүү суммадагы накталай акчаны алууну жана ири чыгымдар үчүн (мейманкана, билеттер ж.б.) алдын ала төлөөнү сунуштайт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат