Эгерде жаран өмүрүндө Соцфондго эч нерсе төлөбөсө, анда ал пенсияга чыкпайт

Эгерде жаран өмүрүндө Соцфондго эч нерсе төлөбөсө, анда ал пенсияга чыкпайт

Эгерде жаран пенсия курагына жеткенче эч жерде иштебесе, Соцфондго бир да тыйын төлөбөсө, анда ал пенсияга чыкпайт. Бул тууралуу бүгүн, 9-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Жыйында депутат Алишер Козуев эгерде адам өмүрүндө бир тыйын да Соцфондго которбой келген болсо, пенсияга кайсы критерий менен чыгаарын сурады.

«Бүгүнкү күндө андай критерий жок. Соцфондго эч нерсе төлөбөсө, анда ал пенсияа чыкпайт», – деди ал.

Салык кызматынын берген маалыматына таянсак, камсыздандыруу төлөмдөрүн 1.1 млн жаран төлөйт. 2021-жылы 38.3 млрд сом каражат түшкөн. Айына бул 3.1-3.2 млрд сомду түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды

“Күрүч өндүрүү жана кайра иштетүү” агрокластерине 60 миллион сом берилди

“Күрүч өндүрүү жана кайра иштетүү” агрокластерине 60 миллион сом берилди

28-августта министрдин орун басары Мирбек Дүйшеевдин төрагалыгында “Өзгөн күрүчү” брендинин эл аралык стандарттарга ылайык даярдалган жаңы вакуумдук таңгактагы продукциясынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарага күрүч өндүрүүчүлөрдүн, соода түйүндөрүнүн, Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Кытай Эл Республикасындагы соода өкүлчүлүктөрүнүн, Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы “Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун

Темир Сариев Кытай менен 100 биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады

Темир Сариев Кытай менен 100 биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бүгүнкү инвестициялык форумда Кыргызстанда 100 кыргыз-кытай биргелешкен ишканасын түзүүнү сунуштады. Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын негизги демилгеси — соода мамилелеринен жаңы баскычка, тагыраагы, биргелешкен өндүрүш жана өнөр жай кызматташтыгына өтүү. "100 меморандум, 100 ниет протоколу эмес, 100 чындап