Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду КРнын бюджетин колдоого 80 млн доллар берет

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду КРнын бюджетин колдоого 80 млн доллар берет

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕТӨФ) КРнын бюджетин колдоого 80 млн доллар берет. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Дүйнөлүк практикага ылайык, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн эки багытта каржылык жардам алышат: инвестициялык долбоорлор жана бюджеттик колдоо.

2021-жылы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен КРнын өнүктүрүү программасынын алкагындагы келишимге ылайык, жогоруда аталган 80 млн доллар өлчөмүндө зайым каражаттары республиканын бюджетин колдоого берилет.

Жогоруда аталган каражаттар республиканын экономика тармагын колдоого жумшалат:

  • туризм тармагын стимулдаштыруу үчүн Туризмди өнүктүрүү фондун каржылоо
  • КРнын өнөр жайын өнүктүрүү жана колдоо үчүн «Кыргызиндустрия» ААКсын каржылоо
  • Ишкердикти колдоо фондун каржылоо (чакан жана орто бизнес үчүн жеңилдетилген кредиттерди берүү)
  • Энергетика тармагын колдоо жана суу чарба объекттерин жакшыртуу үчүн бюджеттик кредит берүү.

«Белгилеп кетсек, аталган тармактарды каржылоо республиканын экономикалык өнүгүүсүнө оң таасир берип, бул келечекте мультипликативдик эффект берет жана тартылган каражаттарды кайтарып берүү үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнө жакшы таасирин тийгизет», – деп билдиришти ведомстводон.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды

“Күрүч өндүрүү жана кайра иштетүү” агрокластерине 60 миллион сом берилди

“Күрүч өндүрүү жана кайра иштетүү” агрокластерине 60 миллион сом берилди

28-августта министрдин орун басары Мирбек Дүйшеевдин төрагалыгында “Өзгөн күрүчү” брендинин эл аралык стандарттарга ылайык даярдалган жаңы вакуумдук таңгактагы продукциясынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарага күрүч өндүрүүчүлөрдүн, соода түйүндөрүнүн, Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Кытай Эл Республикасындагы соода өкүлчүлүктөрүнүн, Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы “Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун

Темир Сариев Кытай менен 100 биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады

Темир Сариев Кытай менен 100 биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бүгүнкү инвестициялык форумда Кыргызстанда 100 кыргыз-кытай биргелешкен ишканасын түзүүнү сунуштады. Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын негизги демилгеси — соода мамилелеринен жаңы баскычка, тагыраагы, биргелешкен өндүрүш жана өнөр жай кызматташтыгына өтүү. "100 меморандум, 100 ниет протоколу эмес, 100 чындап