Кыргызстанда 350 миңдей пенсионердин пенсиясы жашоо минимумуна жетпейт

Кыргызстанда 350 миңдей пенсионердин пенсиясы жашоо минимумуна жетпейт

Кыргызстанда 713 миң жаран пенсия алат. Бул тууралуу бүгүн, 9-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, анын 49%ына жашоо минимумунун өлчөмүнө жетпеген пенсия берилет.

  • Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын III кварталында жашоо минимумунун өлчөмү 6383 сомду түзгөн.

«Учурда 713 миң жаран пенсия алат. Азыркы болуп жаткан жагдайларга байланыштуу Министрлер кабинети да бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү караштырууда. Жылдагыдай эле 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйтүлөт», – деди Алиев.

Эскерте кетсек, бүгүн жыйында Социалдык фондунун  2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү жана 2022-жылга бюджети жана 2023-2024 жылдарга болжолу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды

“Күрүч өндүрүү жана кайра иштетүү” агрокластерине 60 миллион сом берилди

“Күрүч өндүрүү жана кайра иштетүү” агрокластерине 60 миллион сом берилди

28-августта министрдин орун басары Мирбек Дүйшеевдин төрагалыгында “Өзгөн күрүчү” брендинин эл аралык стандарттарга ылайык даярдалган жаңы вакуумдук таңгактагы продукциясынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарага күрүч өндүрүүчүлөрдүн, соода түйүндөрүнүн, Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Кытай Эл Республикасындагы соода өкүлчүлүктөрүнүн, Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы “Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун

Темир Сариев Кытай менен 100 биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады

Темир Сариев Кытай менен 100 биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бүгүнкү инвестициялык форумда Кыргызстанда 100 кыргыз-кытай биргелешкен ишканасын түзүүнү сунуштады. Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын негизги демилгеси — соода мамилелеринен жаңы баскычка, тагыраагы, биргелешкен өндүрүш жана өнөр жай кызматташтыгына өтүү. "100 меморандум, 100 ниет протоколу эмес, 100 чындап