«РСК банктын» директорлор кеңешинин курамы өзгөрдү

«РСК банктын» директорлор кеңешинин курамы өзгөрдү

«РСК Банк» ААКтын Директорлор кеңешинин жана Башкармалыгынын курамында өзгөртүүлөр болгонун Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

2022-жылы Банктын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу өткөрүлүп, анда төмөнкү чечимдер кабыл алынган:

  1. Директорлор кеңешинин төмөнкү мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду:
  • Акматалиев Темирбек Асанбекович
  • Бекболотов Данияр Женишбекович
  • Асизов Касен Асизович
  • Самиев Шергазы Сайтмаматович

2. Директорлор кеңешине 4 жылдык мөөнөткө шайланышты:

  • Токторбаев Алмазбек Биязбекович
  • Кыйшыбаев Талгар Сартыманович
  • Эрмеев Джыргалбек Советбекович
  • Бакасов Эрмек Шаршенбекович.


Ошондой эле, Банктын Директорлор кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы чечимине ылайык:

  • Башкармалыктын төрагасы Азизбек Оморкуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
  • Башкармалыктын төрагасынын орун басары Эркин Тазабековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
  • Кадырбек Букуев Башкармалыктын төрагасы болуп дайындалды
  • Турсунбек Шакиров Башкармалыктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды

“Күрүч өндүрүү жана кайра иштетүү” агрокластерине 60 миллион сом берилди

“Күрүч өндүрүү жана кайра иштетүү” агрокластерине 60 миллион сом берилди

28-августта министрдин орун басары Мирбек Дүйшеевдин төрагалыгында “Өзгөн күрүчү” брендинин эл аралык стандарттарга ылайык даярдалган жаңы вакуумдук таңгактагы продукциясынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарага күрүч өндүрүүчүлөрдүн, соода түйүндөрүнүн, Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Кытай Эл Республикасындагы соода өкүлчүлүктөрүнүн, Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы “Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун

Темир Сариев Кытай менен 100 биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады

Темир Сариев Кытай менен 100 биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бүгүнкү инвестициялык форумда Кыргызстанда 100 кыргыз-кытай биргелешкен ишканасын түзүүнү сунуштады. Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын негизги демилгеси — соода мамилелеринен жаңы баскычка, тагыраагы, биргелешкен өндүрүш жана өнөр жай кызматташтыгына өтүү. "100 меморандум, 100 ниет протоколу эмес, 100 чындап