Айыл чарбасын каржылоого комбанктарга 4.9 млрд сом бөлүнөт

Айыл чарбасын каржылоого комбанктарга 4.9 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

«Финансы министрлигине долбоорду ишке ашырууга коммерциялык банктарга пайыздык чендерди субсидиялоо үчүн 520 млн сом бөлүп берүү тапшырылды. Бул 4.9 млрд сом өлчөмүндө жылдык 6%дык үстөк менен жеңилдетилген кредиттерди берүүгө мүмкүндүк берет», — деп билдиришти ведомстводон.

Каражат мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана кайра иштетүүнү каржылоого каралган.

Бүгүнкү күндө катышуучу банктар тарабынан кредиттик жана күрөөлүк документтерди тариздөө жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча иштер башталды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат