Россияга чартердик аба каттамдарын көбөйтүү керек – депутат

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Москвага чартердик рейстерди көбөйтүү керектигин айтты.

Анын айтымында, көп каттамдар токтоп жатат жана жакында жумасына 15 эле каттам калат.

«Аэрофлот», S7, Ural Airlines компаниялары каттамдарын токтотту, «Уральские авиалинии» дагы токтотсо, 90% аба каттамдары токтогон болот. Ошондо өзүбүздүн компаниялар эле калат экен. Чартердик рейстерди көбөйтүү керек же Өзбекстандагыдай токтоп калган авиакомпаниялардын самолетторун ижарага алып иштетиш керекпи, айтор, бул багытта Транспорт министрлигине тапшырмаларды бериш керек», – деди депутат.

Эскерте кетсек, Россиянын S7 авиакомпаниясы Кыргызстанга Россиянын шаарларынан Бишкек, Ош жана Ысык-Көлгө аткарылган бардык 10 туруктуу рейсин токтоткон.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат