Улуттук банктын төрагасы парламентке келсин, доллар 100 сомдон ашып кетти – депутат

Улуттук банктын төрагасы парламентке келсин, доллар 100 сомдон ашып кетти – депутат

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов Улуттук банктын төрагасын парламентке чакырууну сунуштады.

Депутат азык-түлүк кымбаттап жатканын айтып, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн жана резервдик фонддун өкүлдөрүн да чакыруу керектигин айтты.

«Дүйнөдө баары кымбаттап жатат, бирок Кыргызстанда азык -түлүк өзгөчө кымбаттап кетти. Улуттук банктын төрагасын чакырсаңыздар, доллардын баасы 100 сомдон ашып кетти. Аткаруу байлиги келип, кризистен чыгуу жолдорун айтып берсин», – деди Осмонов.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов да доллардын курсунун кескин көтөрүлүшүнө тынчсыздануусун билдирип, доллар менен насыя алган ишкерлер көп экенин белгиледи. Ал экономикалык каатчылыкка байланыштуу бардык коңшу өлкөлөрдө Антикризистик программалар кабыл алынганын, Кыргызстан да тез арада тийиштүү программалык документти кабыл алышы керектигин айтты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 10-мартта саат 11.40га карата доллардын курсу 106.3 сомго көтөрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Темир Сариев Кытай менен 100 биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады

Темир Сариев Кытай менен 100 биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бүгүнкү инвестициялык форумда Кыргызстанда 100 кыргыз-кытай биргелешкен ишканасын түзүүнү сунуштады. Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын негизги демилгеси — соода мамилелеринен жаңы баскычка, тагыраагы, биргелешкен өндүрүш жана өнөр жай кызматташтыгына өтүү. "100 меморандум, 100 ниет протоколу эмес, 100 чындап

Эгемендүүлүк күнүнө карата Нарында 10 жаңы имарат ишке берилет

Эгемендүүлүк күнүнө карата Нарында 10 жаңы имарат ишке берилет

Эгемендүүлүк күнүнө карата Нарын облусунда 10 жаңы объектти ишке берүү көздөлүүдө. Алардын арасында 6 мектеп, 1 административдик имарат, 1 бала бакча жана 2 өндүрүштүк ишкана бар. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, облус башчысы Эркинбек Чекирбаев имараттардын даярдыгы менен таанышып чыкты. Ал курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп, сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө

Ошто таштандыны кайра иштетүүчү завод курулууда

Ошто таштандыны кайра иштетүүчү завод курулууда

Ош шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештин бир катар депутаттарынын катышуусунда маанилүү иш-чаралар өттү.  Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, эл өкүлдөрү жаңыланган жолдордун салтанаттуу ачылышына катышып, таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышышты.  Учурда негизги курулуш иштери кызуу жүрүп

Ысык-Көлдө 2 кызматкердин жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды

Ысык-Көлдө 2 кызматкердин жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды

Ысык-Көл аймактык транспорт башкармалыгында 2 жаран жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алар жумушка орношууда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атынан берилген жогорку билим тууралуу дипломдорду көрсөтүшкөн. Транспорттук прокуратура жүрзүзгөн