Улуттук банк 12-мартка карата доллардын расмий курсун аныктады – 105 сом

Улуттук банк 12-мартка карата доллардын  расмий курсун аныктады – 105 сом

Улуттук банк эртең 12-мартка карата доллардын расмий курсун аныктады. Америкалык валютанын наркы дээрлик 105 сомго көтөрүлдү.

Кечээ эле регулятор доллардын сомго карата расмий курсун 103.12 сом/1 доллар өлчөмүндө белгилеген болчу. Бүгүн сом долларга карата 1.8%га арзандады.

Ал эми valuta.kg порталынын саат кечки 17.20га карата маалыматына таянсак, республикада акча алмаштыруучу жайларда доллардын наркы 106.4 сомго чыкты.

Мындан тышкары окуңуз

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык көзөмөл күчөтүлөт

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык көзөмөл күчөтүлөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул үчүн аймактык ыкчам жумушчу топ түзүлүп, иш тартиби бекиди. Жумушчу топ оюндар өтүүчү жайларда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышын

Ат-Башыда эт комбинаты менен сүт заводуна мониторинг жүргүзүлдү

Ат-Башыда эт комбинаты менен сүт заводуна мониторинг жүргүзүлдү

Ат-Башы районунда бир катар азык-түлүк жана ветеринардык объектилерге мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдирди. Кызматтын Нарын облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын адистери эт комбинатынын, сүт заводунун, ветеринардык дарыкананын жана эт дүкөнүнүн ишмердүүлүгүн текшеришти. Мониторингдин жыйынтыгында объектилерде негизги ветеринардык-санитардык талаптар сакталып

Бишкекте 16 автобус каттамынын багыты өзгөртүлдү

Бишкекте 16 автобус каттамынын багыты өзгөртүлдү

Бишкек шаарындагы Чүй проспектинин Чыңгыз Айтматов проспектинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки айрым тилкеси убактылуу жабылгандыгына байланыштуу коомдук транспорттун жүрүү схемалары убактылуу өзгөртүлдү. Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымына караганда, өзгөртүүлөр төмөнкү автобус каттамдарына тиешелүү: №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227 жана

Кызыл-Кыяда эки медициналык жана бир өндүрүштүк объект ачылат

Кызыл-Кыяда эки медициналык жана бир өндүрүштүк объект ачылат

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата Кызыл-Кыя шаарында үч жаңы социалдык жана өндүрүштүк жай ишке берилет. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алар — Токтогул көчөсүндөгү Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Караван айылындагы терапия бөлүмү жана "Асыл Холдинг" өнөр жай объектиси. Мындан тышкары, калаада күз-кыш мезгилине