Араван районунда 112 млн сомдук мектеп курулууда
Ош облусунун Араван районуна караштуу Мангыт айылында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө караганда, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 112 млн сомду түзөт.
Курулуш иштери 2025-жылдын август айында башталган. Жалпы аянты 1537 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имаратта предметтик кабинеттер, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс жана спорт зал каралган.
Мындан тышкары, окуу бөлмөлөрүнө саатына 60 куб метр абаны алмаштырууга жөндөмдүү рекуператорлор орнотулат. Бул жабдуулар класстарды заманбап желдетүү системасы менен камсыздайт.
Учурда мектептин негизги каркасы толук тургузулуп, ички шыбак иштери бүткөрүлдү. Калган курулуш иштери белгиленген графикке ылайык уланууда.
Объекттин курулуш сапатын Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөөдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу