Кыргызстанда долларды сыртка алып чыгууга тыюу салынды

Кыргызстанда долларды сыртка алып чыгууга тыюу салынды

Кыргызстанда коммерциялык банктарга, акча алмаштыруу жайларына, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын  КРнын чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул боюнча токтомду өлкөнүн Улуттук банкы кабыл алды.

Мындай чечим экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Аталган токтомго ылайык, КРнын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына 2022-жылдын 11-мартында саат 17:30дан тартып, нак АКШ долларын КРнын аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган. 

Мындан тышкары окуңуз

Сүлүктүдө “акылдуу” эсептегичтер орнотулууда

Сүлүктүдө “акылдуу” эсептегичтер орнотулууда

Электр энергиясын эсепке алууну санариптештирүү жана керектөөнү так көзөмөлдөө максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын Сүлүктү электр тармактар ишканасы “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштерин жүргүзүүдө. Баткен электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, 2026-жылга карата Сүлүктү электр тармактар ишканасына караштуу аймактарга жалпы 15454 даана “акылдуу” электр эсептегич орнотуу иштери пландалган

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык көзөмөл күчөтүлөт

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык көзөмөл күчөтүлөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул үчүн аймактык ыкчам жумушчу топ түзүлүп, иш тартиби бекиди. Жумушчу топ оюндар өтүүчү жайларда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышын

Ат-Башыда эт комбинаты менен сүт заводуна мониторинг жүргүзүлдү

Ат-Башыда эт комбинаты менен сүт заводуна мониторинг жүргүзүлдү

Ат-Башы районунда бир катар азык-түлүк жана ветеринардык объектилерге мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдирди. Кызматтын Нарын облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын адистери эт комбинатынын, сүт заводунун, ветеринардык дарыкананын жана эт дүкөнүнүн ишмердүүлүгүн текшеришти. Мониторингдин жыйынтыгында объектилерде негизги ветеринардык-санитардык талаптар сакталып

Бишкекте 16 автобус каттамынын багыты өзгөртүлдү

Бишкекте 16 автобус каттамынын багыты өзгөртүлдү

Бишкек шаарындагы Чүй проспектинин Чыңгыз Айтматов проспектинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки айрым тилкеси убактылуу жабылгандыгына байланыштуу коомдук транспорттун жүрүү схемалары убактылуу өзгөртүлдү. Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымына караганда, өзгөртүүлөр төмөнкү автобус каттамдарына тиешелүү: №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227 жана