Министрлер кабинети 9 га жерди «Кыргыз Петролеум Компаниге» 49 жылга берүү боюнча билдирүү жасады

Министрлер кабинети 9 га жерди «Кыргыз Петролеум Компаниге» 49 жылга берүү боюнча билдирүү жасады

Министрлер кабинети 9 га жерди «Кыргыз Петролеум Компаниге» 49 жылга акысыз пайдаланууга берүү мүмкүндүгү боюнча билдирүү жасады.

Кабинеттин берген маалыматына таянсак, аталган жер тилкеси «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын нефтини кайра иштетүүчү заводунун өндүрүшүн модернизациялоодо пайдаланылат.

Economist.kg буга чейин маалымдагандай, Экономика министрлиги Жалал-Абад шаарындагы жер тилкесин «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКына 49 жылга бекер пайдаланууга берүүнү сунуштаган. Аталган токтомдун долбоору Министрлер кабинетинин сайтында жарыяланган болчу.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Петролеум Компани» «Кыргызнефтегаз» ААКтын (мамлекеттик үлүшү 85%) туунду ишканасы болуп саналат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасынын директору болуп иш алпарат.

Бүгүнкү күндө «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК жана «Элдик» мамлекеттик ишканасынын ортосунда аталган жер  тилкесине мөөнөтү 10 жылга узак мөөнөттүү ижара келишими түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Сүлүктүдө “акылдуу” эсептегичтер орнотулууда

Сүлүктүдө “акылдуу” эсептегичтер орнотулууда

Электр энергиясын эсепке алууну санариптештирүү жана керектөөнү так көзөмөлдөө максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын Сүлүктү электр тармактар ишканасы “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштерин жүргүзүүдө. Баткен электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, 2026-жылга карата Сүлүктү электр тармактар ишканасына караштуу аймактарга жалпы 15454 даана “акылдуу” электр эсептегич орнотуу иштери пландалган

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык көзөмөл күчөтүлөт

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык көзөмөл күчөтүлөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул үчүн аймактык ыкчам жумушчу топ түзүлүп, иш тартиби бекиди. Жумушчу топ оюндар өтүүчү жайларда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышын

Ат-Башыда эт комбинаты менен сүт заводуна мониторинг жүргүзүлдү

Ат-Башыда эт комбинаты менен сүт заводуна мониторинг жүргүзүлдү

Ат-Башы районунда бир катар азык-түлүк жана ветеринардык объектилерге мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдирди. Кызматтын Нарын облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын адистери эт комбинатынын, сүт заводунун, ветеринардык дарыкананын жана эт дүкөнүнүн ишмердүүлүгүн текшеришти. Мониторингдин жыйынтыгында объектилерде негизги ветеринардык-санитардык талаптар сакталып

Бишкекте 16 автобус каттамынын багыты өзгөртүлдү

Бишкекте 16 автобус каттамынын багыты өзгөртүлдү

Бишкек шаарындагы Чүй проспектинин Чыңгыз Айтматов проспектинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки айрым тилкеси убактылуу жабылгандыгына байланыштуу коомдук транспорттун жүрүү схемалары убактылуу өзгөртүлдү. Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымына караганда, өзгөртүүлөр төмөнкү автобус каттамдарына тиешелүү: №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227 жана