Россиядан КРга кантип акча которсо болот? – Улуттук банк жооп берет

Россиядан КРга кантип акча которсо болот? – Улуттук банк жооп берет

Улуттук банк Россиядан КРга кандай жолдор менен акча которууга боло тургандыгы тууралуу маалымат берди.

Берилген маалыматка ылайык, акчаларды эсеп ачып дагы, банк эсебин ачпастан дагы которууга болот. 

Бүгүнкү күндө банк эсебин ачпастан эл аралык акча которуу системаларынын 12 оператору КРнын Улуттук банкында каттоодон өткөн, алардын ичинен акча которуу системасынын 6 оператору Россиянын аймагында жайгашкан.

Акча которуу үчүн Россиянын төмөнкү акча которуу системаларын колдонууга болот: 

  • Юнистрим
  • Вестерн Юнион 
  • Золотая Корона 
  • CONTACT. 

УБ акча которуу системасынын операторлоруна акча которуулардын максималдуу суммасы боюнча коюлган учурдагы чектөөлөрдөн тышкары, РФнын Борбордук банкы тарабынан коюлган чектөөлөр бар экендигин эске салат.  

Ошондой эле коммерциялык банктар Россиядагы окуяларга байланыштуу көрүлгөн чараларга байланыштуу акча которуу системасы аркылуу АКШ долларында акча каражаттарын которуу көлөмүнө убактылуу чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн. 

«Ушуга байланыштуу акча которуу системасы аркылуу акча каражатын жөнөтүүдө коммерциялык банктардын кызматкерлеринен бардык маанилүү шарттарды тактап алуу зарыл», – деп билдирет УБ .  

Мындан тышкары, банктык төлөм карталары бар коммерциялык банктардын кардарлары P2P аркылуу ички жана/же башка төлөм системаларына которууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Алсак, Кыргызстанда «Элкарт» улуттук төлөм системасы Россиянын «Мир» улуттук төлөм системасы менен зарыл интеграциялык иш-чараларды жүргүзгөн.

УБ берген маалыматка ылайык, азыркы учурда КРнын коммерциялык банктары байланышсыз төлөм технологиясы менен «Элкарт» системасынын карталарын чыгарып жатышат (Элкарт NFC/Элкарт Байланышсыз), алар бүгүнкү күндө КРнын чегинен сырткары «Мир» төлөм системасынын тармагында жана «Мир» системасынын өнөктөштөрүнүн төлөм системаларында тейленүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.  

Аны менен катар, КРнын коммерциялык банктары өздөрүнүн аралыктан орнотулган түзүлүштөрүндө «Мир» төлөм системасынын карталарын тейлей алышат.  

Мындан тышкары, 2020-жылдан тартып «Мир» системасынын карталарынан «Элкарт» системасынын карталарына акчаларды P2P-которуу долбоору ишке киргизилген. 

Мындан тышкары окуңуз

Сүлүктүдө “акылдуу” эсептегичтер орнотулууда

Сүлүктүдө “акылдуу” эсептегичтер орнотулууда

Электр энергиясын эсепке алууну санариптештирүү жана керектөөнү так көзөмөлдөө максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын Сүлүктү электр тармактар ишканасы “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштерин жүргүзүүдө. Баткен электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, 2026-жылга карата Сүлүктү электр тармактар ишканасына караштуу аймактарга жалпы 15454 даана “акылдуу” электр эсептегич орнотуу иштери пландалган

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык көзөмөл күчөтүлөт

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык көзөмөл күчөтүлөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул үчүн аймактык ыкчам жумушчу топ түзүлүп, иш тартиби бекиди. Жумушчу топ оюндар өтүүчү жайларда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышын

Ат-Башыда эт комбинаты менен сүт заводуна мониторинг жүргүзүлдү

Ат-Башыда эт комбинаты менен сүт заводуна мониторинг жүргүзүлдү

Ат-Башы районунда бир катар азык-түлүк жана ветеринардык объектилерге мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдирди. Кызматтын Нарын облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын адистери эт комбинатынын, сүт заводунун, ветеринардык дарыкананын жана эт дүкөнүнүн ишмердүүлүгүн текшеришти. Мониторингдин жыйынтыгында объектилерде негизги ветеринардык-санитардык талаптар сакталып

Бишкекте 16 автобус каттамынын багыты өзгөртүлдү

Бишкекте 16 автобус каттамынын багыты өзгөртүлдү

Бишкек шаарындагы Чүй проспектинин Чыңгыз Айтматов проспектинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки айрым тилкеси убактылуу жабылгандыгына байланыштуу коомдук транспорттун жүрүү схемалары убактылуу өзгөртүлдү. Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымына караганда, өзгөртүүлөр төмөнкү автобус каттамдарына тиешелүү: №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227 жана