Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү 2 млрд 653 млн долларды түзөт – 6 айга жетет

Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта брифингде Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Карабаева бул эл аралык резервдеринин көлөмү өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги 6 айын камсыздай ала тургандыгын билдирди.

«11-мартка карата Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү 2 млрд 653 млн долларды түздү», – деди ал.

Белгилей кетсек, УБ жыл башынан бери 5 валюта интервенциясын өткөрүп, 284 млн доллар саткан.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат

Араван районунда 112 млн сомдук мектеп курулууда

Нарын менен Ошто жер силкинди