Бизнес-акыйкатчы Институту жеке ишкерлерге акысыз консультацияларды берет

«Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022» иш-чарасынын алкагында Бизнес-акыйкатчы Институту жеке ишкерлер үчүн акысыз консультацияларды өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик органдар тараптан жеке ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу боюнча акысыз кеп-кеңешти бардык каалоочулар ала алат.

  • Маалыматтык сессиянын темасы: «Бизнес-акыйкатчы: жеке ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакчысы».
  • Өтө турган күнү – 24-март (Эл аралык көргөзмө-жарманкенин экинчи күнүндө).

Сессия «Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022» көргөзмө-жарманке өтө турган дарек боюнча уюштурулат: Бишкек ш., Чолпон-Ата көч.2, «Аю Гранд» СБ (Горький көч., менен кесилиште).

Эске салсак, ири эл аралык «EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2022» көргөзмө-жарманке КРнын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан КРнын Өкмөтүнүн колдоосу менен 2022-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин уюштурулат. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттери катышат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат

Араван районунда 112 млн сомдук мектеп курулууда

Нарын менен Ошто жер силкинди