Финансы министрлиги иштеп чыккан мыйзамда ата мекендик өндүрүшкө берилген 20% жеңилдиктер алынып салынган

Финансы министрлиги иштеп чыккан мыйзамда ата мекендик өндүрүшкө берилген 20% жеңилдиктер алынып салынган

Кечээ, 14-марттагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Финансы министрлиги «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын сунуштады.  

Аталган мыйзам долбоорунун жаңы редакциясына ылайык, мамлекеттик ишканалар/мекемелер түз сатып алууларды жүргүзүп жатканда кайсы товар арзан болсо, ошол жактын товарын алат.

Бул мыйзамда буга чейин болгон ата мекендик өндүрүшкө берилген 20%дык жеңилдиктер алынып салынган.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккан адистердин бири Жылдыз Базакеева бул жеңилдиктердин алынып салынганынын себебин атаандаштыктын жоктугу жана каражаттын көп сарпталышы менен түшүндүрдү.

Ошол эле кезде Базакеева мамлекеттик сатып алууларга сунуштала турган электрондук каталогдун биринчи беттеринде ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукциясы коюлаары, бирок чет элдик ошол эле продукциясынын баасы арзан болсо, ал сатылып алынаарын четке каккан жок.

«Мисалы, өзбекстандык товар арзан турса, ооба, анда ата мекендик өндүрүш өтпөй калат. Бирок долбоордо кыргызстандык өндүрүшчүнүн тастыкталган сапаттуу товары болсо, анда тендери жок эле ошону ала берет», – деди мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун жаңы редакциясына ылайык, тендерсиз түз сатып алуулардын босого суммасы 5 млн сомду түзөт. Ошондой эле мисалы, айыл өкмөтү цемент алыш керек болсо, документация, конкурстук комиссиясыз эле цемент завод менен түз келишим түзүп, анын жыйынтыгын гана илип коюуга укуктуу. Анткени бул долбоордун 17-беренесинде каралган.

Финансы министринин орун басары Улукбек Календеровдун айтымында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, көз карандысыз эксперттер, ишкана өкүлдөрү менен талкууланган жана ал коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыккан.

Мындан тышкары окуңуз

Кызыл-Кыяда эки медициналык жана бир өндүрүштүк объект ачылат

Кызыл-Кыяда эки медициналык жана бир өндүрүштүк объект ачылат

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата Кызыл-Кыя шаарында үч жаңы социалдык жана өндүрүштүк жай ишке берилет. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алар — Токтогул көчөсүндөгү Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Караван айылындагы терапия бөлүмү жана "Асыл Холдинг" өнөр жай объектиси. Мындан тышкары, калаада күз-кыш мезгилине

Кыргызстанга 21 мамлекеттин президенти келет

Кыргызстанга 21 мамлекеттин президенти келет

31-августта “Бишкек Аренада” Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт. 1-сентябрга ШКУнун саммити пландалган.  Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун маалыматына ылайык, Кыргызстанга алгачкы жолу 21 мамлекеттин жетекчилери келет. Кыргызстанга Кытайдын лидери Си Цзиньпин, Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат

Ошто узундугу 2,6 чакырымды түзгөн ири жол пайдаланууга берилди

Ошто узундугу 2,6 чакырымды түзгөн ири жол пайдаланууга берилди

Ошто Төлөнөв, Калмурзаев жана Атабаев көчөлөрүн Ишматов көчөсүнөн А. Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки аралыкта жаңыланган жол пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Жолдун ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, депутаттар жана шаар тургундары катышты. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 2650 метр, туурасы 22 метрди

Чүй облусунда быйыл 94 миңге жакын "акылдуу" эсептегич орнотулат

Чүй облусунда быйыл 94 миңге жакын "акылдуу" эсептегич орнотулат

Чүй облусунда электр жарыгын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАС) киргизүү боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор санариптештирүү саясатынын алкагында жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда. 2025-жылы Чүй облусунда 102 миң 652 даана "акылдуу" эсептегич орнотулган. Ал