Импортерлор өсүмдүк майынын запасы жетиштүү экенин билдиришти

Импортерлор өсүмдүк майынын запасы жетиштүү экенин билдиришти

Өсүмдүк майынын кымбатташына Россиядан ташып келүү боюнча курсу кескин жогорулаган валюталар менен түзүлгөн келишимдер жана республикада май өндүргөн өндүрүштүн жоктугу себеп болууда. Бул тууралуу импорттоочулар кечээ, 14-мартта Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинде өткөн жыйында билдиришкенин мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Азыркы кырдаалда бааны туруктуу кармоого жана анын ар бир жаранга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн бул азыкты ташып келүүдөн тартып, сатканга чейин ага карата коюлган КНСти нөлгө түшүрүү чоң жардам бермек.

Импортерлор өсүмдүк майынын запасы жетиштүү экенин жана белгилүү бир көлөмү жолдо келе жатканын билдиришти.

Буга байланыштуу ассортименттин азайышы базардагы сатуучулардын аракетинен жана жасалма түрдө жасалган ажиотаждан улам келип чыгууда, дешет алар.

Мындан тышкары окуңуз

Кызыл-Кыяда эки медициналык жана бир өндүрүштүк объект ачылат

Кызыл-Кыяда эки медициналык жана бир өндүрүштүк объект ачылат

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата Кызыл-Кыя шаарында үч жаңы социалдык жана өндүрүштүк жай ишке берилет. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алар — Токтогул көчөсүндөгү Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Караван айылындагы терапия бөлүмү жана "Асыл Холдинг" өнөр жай объектиси. Мындан тышкары, калаада күз-кыш мезгилине

Кыргызстанга 21 мамлекеттин президенти келет

Кыргызстанга 21 мамлекеттин президенти келет

31-августта “Бишкек Аренада” Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт. 1-сентябрга ШКУнун саммити пландалган.  Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун маалыматына ылайык, Кыргызстанга алгачкы жолу 21 мамлекеттин жетекчилери келет. Кыргызстанга Кытайдын лидери Си Цзиньпин, Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат

Ошто узундугу 2,6 чакырымды түзгөн ири жол пайдаланууга берилди

Ошто узундугу 2,6 чакырымды түзгөн ири жол пайдаланууга берилди

Ошто Төлөнөв, Калмурзаев жана Атабаев көчөлөрүн Ишматов көчөсүнөн А. Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки аралыкта жаңыланган жол пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Жолдун ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, депутаттар жана шаар тургундары катышты. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 2650 метр, туурасы 22 метрди

Чүй облусунда быйыл 94 миңге жакын "акылдуу" эсептегич орнотулат

Чүй облусунда быйыл 94 миңге жакын "акылдуу" эсептегич орнотулат

Чүй облусунда электр жарыгын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАС) киргизүү боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор санариптештирүү саясатынын алкагында жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда. 2025-жылы Чүй облусунда 102 миң 652 даана "акылдуу" эсептегич орнотулган. Ал