Дедолларизация программасы ишке ашса, чет элдик валютанын керексиздиги пайда болот – Думан Рыскулов
Бүгүн, 16-мартта Бишкекте «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форум өтүүдө. Форумда КРнын экономикасы, кризис, валютанын наркы, агрардык өнөр жай тармагындагы абал, геосаясий кырдаал жана жаңы мүмкүнчүлүктөр туурасындагы темалар ортого коюлду.
Форумдун алкагында, «Альянс» акча алмаштыруу бюролор Ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов учурдагы кырдаалдын таасиринде калган улуттук валютанын абалы жана буга чейинки кризистер тууралуу сөз кылды.
«Көптөгөн дүйнөлүк жана ички саясий кризистерди башыбыздан өткөрүп, көптөгөн тобокелчиликтерге кабылганбыз. 2008-жылдагы дүйнөлүк кризисте сомдун наркы 20 сомго төмөндөгөн. 2014-жылы доллар 60 сомдон 75 сомго көтөрүлгөн. 2020-жылы пандемия учурунда болсо, 85 сомго чейин барып, баасы турукталган болчу. Азыркы күндө абалды туруктуу деп эсептесек болот, бирок учурда кандайдыр бир паника бар деп айтууга болот. Доллар 100 сомдон ашып кеткенде психологиялык реакция пайда болуп, жарандар өзүнүн сактаган каражаттарына керектүү-керектүү эмес нерселери сатып ала башташты», – дейт ал.
Белгилүү болгондой, республиканын аймагындагы бардык товар жүгуртүү улуттук валютада болуш керек. Анын айтымында, дедолларизация доллардын наркынын жогорулашына өбөлгө болот.
«Буюрса, дедолларизация боюнча программаларыбыз ишке ашса, чет элдик валютанын керексиздиги пайда болот. Бүгүн доллар 106 сомдон 104 сомго түштү. 2008-2014-2020-жылдары деле мындай көрүнүш болгон, азыр Улуттук банктын саясатын деле колдошубуз керек, анткени алар доллардын кескин түрдө көтөрүлүп кетишин интервенция аркылуу текшилеп турушат», – деген Рыскулов учурда кандайдыр бир божомолдорду берүүгө азырынча эрте экенин айтат.
«Гео-саясий абал өтө жакшы эмес. Мезгилге жараша ишкерлер тиешелүү чечимдерди кабыл алып, белгилүү бир иммунитетти иштеп чыгабыз деген ойдомун», – дейт ал.