КР аркылуу транзит менен өткөн ар бир фурадан «кээ бир кишилер» 1000 доллардан чөнтөгүнө алышат – депутат

Кытайдан КР аркылуу транзит менен өткөн ар бир фурадан республикалык бюджетке 3800 сом гана түшөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

Депутаттын билдиргенине караганда, Бажы тармагындагы коррупция жок болуп кеткен жок.

«20-25 тонналык фурадан бюджетке 3800 сомдон гана түшөт. Бирок «кээ бир кишилер» алардын ар биринен 1000 доллардан алышат экен. Менде кимдер алып жаткандыгы жөнүндө маалымат, алардын фамилияларынан бери бар. Бажынын төрагасы кечээ жакында эле камалды эле, бул түгөнбөйт экен», – деди ал.

Жыйында Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров транзит менен өткөн жүк ташуучу машиналар өтө аз экенин, Кыргызстан туюк өлкө катары саналаарын кошумчалады.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат

Араван районунда 112 млн сомдук мектеп курулууда

Нарын менен Ошто жер силкинди

Өлкөдөгү 15 846 жеке ассистентке азык-түлүк жардамы берилди