Өлкөдөгү 15 846 жеке ассистентке азык-түлүк жардамы берилди

Өлкөдөгү 15 846 жеке ассистентке азык-түлүк жардамы берилди

Кыргызстан боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана туруктуу кароого муктаж адамдарга жардам көрсөткөн 15 846 жеке ассистентке жалпы 1 949 тонна азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, жардам Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы 2023–2027-жылдарга карата Өлкөлүк стратегиялык планынын алкагында көрсөтүлдү.
Ар бир жардам алган үй-бүлөгө 100 килограмм буудай уну, 10 литр өсүмдүк майы жана 12,5 килограмм сары жарылган буурчак берилди.

Демилге жеке ассистенттердин жана алар кам көргөн адамдардын үй-бүлөлөрүнө кошумча социалдык колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Базар-Коргондун Кызыл-Ай айылында 78 млн сомдук бала бакча курулууда

Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалды

Баткенде 500 млн сомдук долбоорлордун жыйынтыгы талкууланды

Барскоондо жер тилкелерин мыйзамсыз пайдалангандарга айып салынды

Ат-Башыда жылытуу үчүн колдонулган отундардын сапаты текшерилди