Кыргызстан ЕРӨБдөн алган кредитке Кытайдан автобус алат

Кыргызстан ЕРӨБдөн алган кредитке Кытайдан автобус алат

Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) алган кредитке Кытайдан автобус алууну көздөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов билдирди.

Анын айтымында, ЕРӨБ тарабынан автобустарды сатып алуу боюнча жарыяланган тендерге ылайык, 6 мамлекетке тендердик документация жөнөтүлгөн.

«Европага, Россия, Белорусия, Корея, Кытайга жөнөтүлгөн. Бирок Кытайдын 2 чоң компаниясынан гана кайрылуу келди. Наркы буга чейин болжолдонгон эле баада болду. Кытайдан башка өлкөлөр баанын өскөндүгүнө байланыштуу мындай баага, мындай көлөмдө бере албайбыз деп коюшту», – деди вице-мэр.

Сазыкулов бул автобустар газ менен жүрөөрүн жана «Газпром» менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Депутат Дастан Бекешев газды алууда доллар менен эмес, сом менен келишим түзүүгө үндөдү.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган эки тараптуу документ боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 25 млн еврону насыя түрүндө жана 8 млн еврону грант түрүндө берет. Бул каражатка борборго 250 автобус алуу каралууда.

Бул алына турган автобустарга Кыргызстан жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай соода багытынан өндүрүштүк кызматташтыкка өтөт

Кыргызстан менен Кытай соода багытынан өндүрүштүк кызматташтыкка өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргызстан – Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда" аталышындагы инвестициялык форумга катышып, сөз сүйлөдү. Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр эки өлкөнүн мамилеси жогорку деңгээлдеги ишенимге негизделип, учурда бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып

Сузакта Коммунизм – Жаңы-Дыйкан жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлдү

Сузакта Коммунизм – Жаңы-Дыйкан жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлдү

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Коммунизм – Жаңы-Дыйкан унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 6 чакырымды түзөт. Быйыл жолду толугу менен асфальттоо мерчемделген. Учурда №52 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүп, жолдун 4

Кеминде борбордук көчөнү көрктөндүрүү демилгеси ишке ашырылууда

Кеминде борбордук көчөнү көрктөндүрүү демилгеси ишке ашырылууда

Кемин шаарындагы Жибек-Жолу көчөсүн жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча долбоор даярдалып, ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду Кемин шаарынын мэри Канболот Тутуевдин демилгеси менен Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору иштеп чыгышкан. Белгиленгендей, демилге жүзөгө ашкандан кийин калаанын борбордук көчөлөрүнүн

Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика жана коммерция министрлиги жарандардын банктык аманаттарын коргоону күчөтүүнү сунуштап жатат. Бүгүнкү күндө мамлекет миллион сомго чейинки өлчөмдөгү аманаттарды төлөп берүүгө кепилдик берет. Бул максатта 2008-жылдан бери аманаттарды коргоо фонду иштеп келет, ага банктар жыл сайын аманаттардын көлөмүнүн 0,2%га барабар суммасын которуп турууга тийиш. Бирок бир нече