Тышкы жардамдарды таасирдүү колдонуу үчүн Координациялык кеңеш түзүлдү

Тышкы жардамдарды таасирдүү колдонуу үчүн Координациялык кеңеш түзүлдү

Министрлер кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жалпы координациялоону жүргүзүү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана пландаштыруу боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.

Белгилесек, Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш көрсөтүлүүчү тышкы жардамды ишке ашыруунун натыйжалуулугу маселелери боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыздоочу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Маалыматка ылайык, Кеңештин негизги милдети – өнүктүрүү максатындагы тышкы жардам көрсөтүүнү пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай соода багытынан өндүрүштүк кызматташтыкка өтөт

Кыргызстан менен Кытай соода багытынан өндүрүштүк кызматташтыкка өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргызстан – Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда" аталышындагы инвестициялык форумга катышып, сөз сүйлөдү. Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр эки өлкөнүн мамилеси жогорку деңгээлдеги ишенимге негизделип, учурда бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып

Сузакта Коммунизм – Жаңы-Дыйкан жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлдү

Сузакта Коммунизм – Жаңы-Дыйкан жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлдү

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Коммунизм – Жаңы-Дыйкан унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 6 чакырымды түзөт. Быйыл жолду толугу менен асфальттоо мерчемделген. Учурда №52 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүп, жолдун 4

Кеминде борбордук көчөнү көрктөндүрүү демилгеси ишке ашырылууда

Кеминде борбордук көчөнү көрктөндүрүү демилгеси ишке ашырылууда

Кемин шаарындагы Жибек-Жолу көчөсүн жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча долбоор даярдалып, ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду Кемин шаарынын мэри Канболот Тутуевдин демилгеси менен Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору иштеп чыгышкан. Белгиленгендей, демилге жүзөгө ашкандан кийин калаанын борбордук көчөлөрүнүн

Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика жана коммерция министрлиги жарандардын банктык аманаттарын коргоону күчөтүүнү сунуштап жатат. Бүгүнкү күндө мамлекет миллион сомго чейинки өлчөмдөгү аманаттарды төлөп берүүгө кепилдик берет. Бул максатта 2008-жылдан бери аманаттарды коргоо фонду иштеп келет, ага банктар жыл сайын аманаттардын көлөмүнүн 0,2%га барабар суммасын которуп турууга тийиш. Бирок бир нече