Жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышат

Жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышат

Жеке ишкерлер бирдиктүү салык декларациясын Salyk.kg сайтынан «жеке кабинети» аркылуу электрондук түрдө тапшыруулары зарыл. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Себеби, жеке ишкерлер 2022-жылдын январь айынан тартып, салык отчетторун электрондук документ түрүндө милдеттүү тапшырууга өтүшкөн.

Декларацияны онлайн тапшыруу үчүн Salyk.kg «жеке кабинетине» кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу керек. Бул үчүн Salyk.kg сайтында Маалымат системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү/калыбына келтирүү жөнүндө арыздын бланкын толтуруп, аны басып чыгарып, катталган жери боюнча салык органына берүүсү жетиштүү.

«Жеке кабинетке» кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу менен декларация, отчетторду берүүгө, ошондой эле башка онлайн салыктык кызматтарды пайдаланууга болот.

Эске салсак, 1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер
  • жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер
  • салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) менчик ээлери
  • юридикалык жакты түзбөстөн иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.

Мындан тышкары окуңуз

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Документ медициналык камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана так маалымат алуу укугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында

Өлкөнүн бир катар ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн бир катар ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу бар

23-26-февраль күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү жана кар күрткүсү күтүлөт. Айрым унаа жолдорунда кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. ӨКМдин маалыматына ылайык, кооптуу аймактарга Төө-Ашуу ашуусу (121–138-чакырым), Ала-Бел ашуусу (198–265-чакырым), Долон ашуусу (292–305-чакырым), Көк-Арт ашуусу (201–205, 260–290, 326–349-чакырымдар) жана Чоң-Ашуу ашуусу (45–90-чакырым)

Касымалиев Кардиохирургия институтундагы оңдоо иштерин текшерди

Касымалиев Кардиохирургия институтундагы оңдоо иштерин текшерди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев М. Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунда жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жүрүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш сапардын алкагында ал курулуштун темпин, медициналык мекемелердин абалын жана бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп

Дүйнөдө катуу диск (HDD) тартыштыгы жаралышы мүмкүн

Дүйнөдө катуу диск (HDD) тартыштыгы жаралышы мүмкүн

Катуу диск (HDD) өндүрүүчүлөр 2027-жылга чейинки бардык өндүрүш кубаттуулуктарын алдын ала сатып жиберишти. Гиперскейлерлер Seagate жана Western Digital компанияларынын дээрлик бардык HDD чыгарылышын сатып алышып, корпоративдик рынок үчүн эркин жеткирүүлөрдү дээрлик калтырган жок. Ири катуу диск өндүрүүчүлөр жакынкы жылдарга карата өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү толугу менен бөлүштүрүлүп бүткөнүн билдиришти. Бул негизинен жасалма