Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды

Бүгүн саат 10:30дар чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-293-чакырым аралыктарында (Долон ашуусу) кар көчкү түшүп, (көлөмү такталууда) жол убактылуу жабылганын ӨКМ маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн бийиктиги 8 метр, туурасы 12 метрди түзөт.

Жерине Нарын облустук башкармалыгынын куткаруучуларынан турган ыкчам тобу жана райондук бөлүмдүн башчысы, Жарандык коргоону кызматтары менен биргеликте иш алып барууда.

Ошондой эле жолду тазалоо максатында Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 8 кызматкер тартылган. Учурда жолду тазалоо иши жүрүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдө катуу диск (HDD) тартыштыгы жаралышы мүмкүн

Дүйнөдө катуу диск (HDD) тартыштыгы жаралышы мүмкүн

Катуу диск (HDD) өндүрүүчүлөр 2027-жылга чейинки бардык өндүрүш кубаттуулуктарын алдын ала сатып жиберишти. Гиперскейлерлер Seagate жана Western Digital компанияларынын дээрлик бардык HDD чыгарылышын сатып алышып, корпоративдик рынок үчүн эркин жеткирүүлөрдү дээрлик калтырган жок. Ири катуу диск өндүрүүчүлөр жакынкы жылдарга карата өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү толугу менен бөлүштүрүлүп бүткөнүн билдиришти. Бул негизинен жасалма

Ф.Кулов Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна элдик инвестиция тартууну сунуштады

Ф.Кулов Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна элдик инвестиция тартууну сунуштады

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов жарандарды Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун каржылоого элдик инвестиция тартуу демилгесин көтөрдү. Анын айтымында, бул долбоор өлкө тарыхындагы эң ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат жана Кыргызстанды Чыгыш менен Батышты байланыштырган транзиттик түйүнгө айлантат. Курулуштун жалпы наркы болжол менен 4,7 млрд доллар деп

Дүйнө жүзү боюнча дата борборлорго 2029-жылга чейин  3 трлн доллар жумшалат

Дүйнө жүзү боюнча дата борборлорго 2029-жылга чейин 3 трлн доллар жумшалат

2026-жылдын башына карата жасалма интеллект (ЖИ) тармагындагы инвестициялардын көлөмү менен алардын тастыкталган кайтарымынын ортосундагы ажырым сектордун негизги көйгөйү болуп саналарын "Росконгресс" фондунун изилдөөсүндө айтылат. Авторлордун пикиринде, жүздөгөн миллиард долларлык келишимдер аларды өз акча агымдарынын эсебинен аткара албаган компаниялар менен түзүлүп жатат. "Каржылоо жабык айлампа боюнча курулган: чип

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россия бийлиги визасыз режимдеги КМШ мамлекеттеринен келген эмгек мигранттарына карата эрежелерди катаалдаштырууну даярдап жатканын Коммерсантъ басылмасы жазды. Финансы министрлигинин мыйзам долбооруна ылайык, 2027-жылдан тарта мигранттар патентти өздөрү үчүн гана эмес, жашы жете элек балдары жана башка багуусундагы адамдар үчүн да төлөөгө милдеттүү болушат. Алар үчүн төлөм негизги сумманын 50%ы