Дүйнө жүзү боюнча дата борборлорго 2029-жылга чейин 3 трлн доллар жумшалат

Дүйнө жүзү боюнча дата борборлорго 2029-жылга чейин  3 трлн доллар жумшалат

2026-жылдын башына карата жасалма интеллект (ЖИ) тармагындагы инвестициялардын көлөмү менен алардын тастыкталган кайтарымынын ортосундагы ажырым сектордун негизги көйгөйү болуп саналарын "Росконгресс" фондунун изилдөөсүндө айтылат.

Авторлордун пикиринде, жүздөгөн миллиард долларлык келишимдер аларды өз акча агымдарынын эсебинен аткара албаган компаниялар менен түзүлүп жатат.

"Каржылоо жабык айлампа боюнча курулган: чип өндүрүүчү өз кардарына инвестиция салат, кардар бул каражаттарды чип сатып алууга жумшайт, ал эми кызматын көрсөтүүчү провайдерлер жабдуу күрөөсү менен насыя тартышат. Бирок бул жабдуу насыя толук төлөнгөнгө чейин эле моралдык жактан эскирип калышы мүмкүн", — деп белгиленет изилдөөдө.

OpenAI компаниясынын жети контрагент алдындагы жалпы милдеттенмелери — Broadcom (350 млрд доллар), Oracle (300 млрд доллар), Microsoft (250 млрд доллар), Nvidia (100 млрд доллар), AMD (90 млрд доллар), Amazon AWS (38 млрд доллар) жана CoreWeave (22 млрд доллар) — жалпысынан 1,15 трлн долларга жеткен. Бул сумма дүйнөдөгү эң ири алты корпоративдик карыз алуучунун таза карызы менен барабар.
Barclays аналитиктеринин эсептөөлөрү боюнча, беш ири технологиялык компаниянын жалпы капиталдык чыгымдары 2025-жылы болжол менен 390 млрд долларды, 2026-жылы 540 милллиардды жана 2027-жылы 615 млрд долларды түзөт. Сөз Meta, Alphabet, Amazon, Microsoft жана Oracle компаниялары жөнүндө болуп жатат.

Божомолдорго ылайык, үч жыл ичиндеги жалпы инвестициялардын көлөмү 1,55 трлн долларга жетет. Бул 2021-жылдагы америкалык компаниялардын бардык капиталдык чыгымдарынын 17%ына барабар.

Morgan Stanley жүргүзгөн эсептөөлөргө ылайык, 2029-жылга чейинки мезгилде дүйнө жүзү боюнча дата-борборлорго жумшала турган чыгымдар дээрлик 3 трлн долларды түзөт.

Анын ичинен ири технологиялык компаниялардын капиталдык салымдары болгону 1,4 трлн долларды түзөт. Бул, экономисттердин баамында, тышкы инвесторлордон жана девелоперлерден кошумча 1,5 трлн доллар өлчөмүндө каржылоо талап кылынарын көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багынын аймагын кыдырып чыгып, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле подряддык уюмга жана тиешелүү шаардык кызматтарга калган иштерди аягына чыгаруу жана объектти мындан ары талапка ылайык жасоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө объектти оңдоп-

Сокулуктун Күнтуу айылына суу сактагыч курулат

Сокулуктун Күнтуу айылына суу сактагыч курулат

Президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун тапшырмасына ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Күнтуу айыл аймагында суу сактагычты куруу маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен коомдук талкуу өткөрүлдү. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараева, Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча

Аяз Баетов: Кыргызстан 2020-жылдан бери Кытайдан карыз алган эмес

Аяз Баетов: Кыргызстан 2020-жылдан бери Кытайдан карыз алган эмес

Юстиция министри Аяз Баетов социалдык тармактар аркылуу Кыргызстандын Кытайга болгон карызы тууралуу билдирди. Анын айтымында, Кытай Эл Республикасынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында 1 миллиард 796 миллион 853 мин 530 доллар карыз алынган.  2020-жылдан бери бир да доллар Кытайдан карыз алынган эмес. Тескерисинче 419 миллион 840 мин 537 доллары

Балыкчы – Кочкор темир жолу пайдаланууга берилди

Балыкчы – Кочкор темир жолу пайдаланууга берилди

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, Нарын облусунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземине катышты. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүнүн айтымында, мамлекет башчысы Кочкор станциясына поезд менен келип, жаңы темир жол каттамын жеке өзү текшерип, аткарылган иштердин сапатына баа берди. Узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор тилкеси