Бишкекте май айында кыргыз-герман бизнес форуму өтөт

Бишкекте май айында кыргыз-герман бизнес форуму өтөт

Май айында Бишкекте кыргыз-герман бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу КРнын Германиядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин Аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолугуу учурунда белгилүү болду.

Германиянын экономикасынын Чыгыш комитети Германиянын 350дөн ашык орто жана ири компанияларын камтыйт жана 29 мамлекетте, анын ичинде КМШ жана Борбор Азия мамлекеттери менен иш алып барат.

Жолугушуу учурунда кыргыз-герман кызматташтыгынын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу сөз болду. Дүйнөдөгү саясий жана экономикалык абал жөнүндө, анын ичинде Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдын кесепеттери тууралуу ой-пикир алмашуу болгон.

Андан тышкары, Кыргызстан менен Германиянын ишкерлеринин түздөн-түз байланышын арттыруу максатында 2022-жылдын май айында Бишкекте өтө турган кыргыз-герман бизнес форумун өткөрүү тууралуу жана кыргыз-герман Ишкерлер Кеңешин түзүү маселеси талкууланды.

Элчи Текебаев азыркы тапта эки мамлекет ортосунда соода-экономикалык кызматташтык потенциалы толугу менен колдонулбай келерин жана дарамети чоң экенин баса белгиледи. Германия экономикасынын өкүлүнө Кыргызстанда өз ара пайдалуу проекттер тууралуу айтып, аларды чогуу ишке ашырууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика жана коммерция министрлиги жарандардын банктык аманаттарын коргоону күчөтүүнү сунуштап жатат. Бүгүнкү күндө мамлекет миллион сомго чейинки өлчөмдөгү аманаттарды төлөп берүүгө кепилдик берет. Бул максатта 2008-жылдан бери аманаттарды коргоо фонду иштеп келет, ага банктар жыл сайын аманаттардын көлөмүнүн 0,2%га барабар суммасын которуп турууга тийиш. Бирок бир нече

Президенттик шайлоодо талапкерлердин документтерин текшерүү тартиби бекитилди

Президенттик шайлоодо талапкерлердин документтерин текшерүү тартиби бекитилди

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында президенттикшайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган жобо шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылып, талапкерлер үчүн бирдей шарттарды түзөт жана шайлоо документтерин кабыл алуу жана алардын мыйзам талаптарына шайкештигин текшерүүнүн так тартибин аныктайт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде энергетиктер ишин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп, иш-чара өтүүчү бардык объектилерди жана аянтчаларды ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оюндардын объектилерин электр энергиясы менен камсыз кылган негизги көмөк чордондордо адистердин кошумча нөөмөтү уюштурулат.

Караколдо кафелерде жашы жете электердин укуктары бузулуп, ашыкча иштеп келишкен

Караколдо кафелерде жашы жете электердин укуктары бузулуп, ашыкча иштеп келишкен

Караколдо коомдук тамактануучу жайларда иштеген 15–17 жаштагы өспүрүмдөрдүн эмгек укуктары бузулган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, адистер кафе-ресторандарда иштеген жашы жете электердин эмгек шарттарына мониторинг жүргүзүп, эмгек келишимдерин текшерип, өспүрүмдөр арасында жашыруун сурамжылоо өткөрүшкөн. Өспүрүмдөр тейлөөчү жана музыкант болуп иштешкен.