Ош базарында 3 млн сомдук акциздик маркасыз тамеки кампасы табылды

Ош базарында 3 млн сомдук акциздик маркасыз тамеки кампасы табылды

Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) кызматкерлери Бишкекте Ош базарынын аймагында тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташканын аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

МСКнын билдиргенине караганда, жеке ишкер кампада акциздик маркасыз ар кандай аталыштагы чет өлкөдө өндүрүлгөн тамекилерди сатып жаткан.

Жалпы суммасы 3.4 млн сомго 69 миң 504 куту тамеки тартып алынды.

Мындан тышкары, субъектте продукцияга уруксат берүүчү документтер, анын ичинде шайкештик жөнүндө декларация, товардык-транспорттук коштомо кагаз жана башкалары болгон эмес.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тартып алынган продукция КРнын аймагына контрабандалык жол менен киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай соода багытынан өндүрүштүк кызматташтыкка өтөт

Кыргызстан менен Кытай соода багытынан өндүрүштүк кызматташтыкка өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргызстан – Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда" аталышындагы инвестициялык форумга катышып, сөз сүйлөдү. Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр эки өлкөнүн мамилеси жогорку деңгээлдеги ишенимге негизделип, учурда бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып

Сузакта Коммунизм – Жаңы-Дыйкан жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлдү

Сузакта Коммунизм – Жаңы-Дыйкан жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлдү

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Коммунизм – Жаңы-Дыйкан унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 6 чакырымды түзөт. Быйыл жолду толугу менен асфальттоо мерчемделген. Учурда №52 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүп, жолдун 4

Кеминде борбордук көчөнү көрктөндүрүү демилгеси ишке ашырылууда

Кеминде борбордук көчөнү көрктөндүрүү демилгеси ишке ашырылууда

Кемин шаарындагы Жибек-Жолу көчөсүн жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча долбоор даярдалып, ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду Кемин шаарынын мэри Канболот Тутуевдин демилгеси менен Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору иштеп чыгышкан. Белгиленгендей, демилге жүзөгө ашкандан кийин калаанын борбордук көчөлөрүнүн

Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика министрлиги банктык аманаттарды коргоону күчөтүүнү сунуштоодо

Экономика жана коммерция министрлиги жарандардын банктык аманаттарын коргоону күчөтүүнү сунуштап жатат. Бүгүнкү күндө мамлекет миллион сомго чейинки өлчөмдөгү аманаттарды төлөп берүүгө кепилдик берет. Бул максатта 2008-жылдан бери аманаттарды коргоо фонду иштеп келет, ага банктар жыл сайын аманаттардын көлөмүнүн 0,2%га барабар суммасын которуп турууга тийиш. Бирок бир нече