ЕАЭБ жарандарга жүктөрдү бажы төлөмсүз ташуу лимитин 1000 еврого чейин көбөйттү
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү жеке жактар үчүн ташуучу же почта аркылуу жөнөтүлгөн товарларды бажы алымысыз (пошлинасыз) ташып келүү лимитин 1000 еврого чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.
Мындай чечим бүгүн, 18-мартта Москвада биринчи вице-премьер-министр Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин жыйынында кабыл алынды.
- Босого 2022-жылдын 1-октябрына чейин убактылуу жогорулатылды. Эгерде посылканын баасы бул суммадан ашса же анын салмагы 31 килограммдан ашса, анда буюртманын наркынын 15% өлчөмүндө алым төлөнөт, бирок 1 кг үчүн 2 евродон кем эмес.
- Бул чара чет элдик интернет-дүкөндөрдөн жеке колдонуу үчүн товарларга буйрутма берген жарандарга колдоо көрсөтүп, товардын тартыштыгынан сактайт.
- Учурда жеке колдонуу үчүн товарларды ташып келүүдө пошлинасыз босого 200 еврону түзөт.
- Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.