Кумшекердин баасы турукташа баштады – 1 кг 70 сомдун тегерегинде сатылууда

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кумшекердин баасы турукташып баштаганын билдирди.

Агенттик ири соода түйүндөрүндө канттын баасынын төмөндөгөнү байкалып жатканын кабарлады.

  • «Фрунзе» дүкөндөр тармагында 1 кг кумшекер 60 сомго чейин (чектөө менен) сатылууда. 1 кг ашык кумшекер чектөөсүз 1 кг 77 сомдон сатылууда
  • «Народный», «Глобус», «Достор» дүкөндөр түйүндөрүндө социалдык канттын баасы эртеңден баштап арзандатылат.

Мындан тышкары, мекеме үстөмдүк кылуучу субъект катары эсептелген кант өндүрүүчүсү «Кайыңды Кант» ААКсына доллардын курсунун төмөндөшүнө жана кумшекерге КНСтин ставкасын нөлгө түшкөндүгүнө байланыштуу кумшекердин дүңүнөн сатуу баасын төмөндөтүү үчүн билдирүү жөнөткөн.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бул багыттагы иштер улантылаарын жана республика боюнча базарларда, соода объектилеринде чекене баанын төмөндөө тенденциясы байкалып жатканын билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Базар-Коргондун Кызыл-Ай айылында 78 млн сомдук бала бакча курулууда

Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалды

Баткенде 500 млн сомдук долбоорлордун жыйынтыгы талкууланды

Барскоондо жер тилкелерин мыйзамсыз пайдалангандарга айып салынды

Ат-Башыда жылытуу үчүн колдонулган отундардын сапаты текшерилди