Базар-Коргондун Кызыл-Ай айылында 78 млн сомдук бала бакча курулууда
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Ай айылында 75 орундуу жаңы бала бакча курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 78 млн сомду түзөт.
Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1569 чарчы метрди түзөт. Анда балдардын ойноо жана уктоо бөлмөлөрү, тарбиялык сабак өтүүчү жайлар, ашкана, дарыгердин кабинети жана кабылдама каралган.
Учурда курулуш иштеринин 75 %ы аткарылды. Объекттин курулушун министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөөдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу