«Кыргызнефтегаз» МИ өткөн жылы алган 2 млрд сом таза кирешесинин 10%ын гана мамлекетке төлөгөн

«Кыргызнефтегаз» МИ өткөн жылы алган 2 млрд сом таза кирешесинин 10%ын гана мамлекетке төлөгөн

«Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасы (МИ) 2021-жылы 2 млрд сом таза киреше алды. Бул тууралуу «Кыргызнефтегаз» ААК башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Исхак Масалиев «Кыргызнефтегаз» МИнин алган таза кирешеси 2 млрд сом болсо, анын канчасы мамлекетке төлөнөөрү тууралуу сурады.

«Былтыркы жылдын эсебинен мамлекетке 213 млн сом дивиденд катары бергенбиз. Быйыл 2021-жылдын эсебинен 30% бересиңер деп жатышат, бул жылы 600 млн сомдон ашыгыраак беребиз», – деди Нишанов.

Эл өкүлү бул жөн гана мамлекетке пайдасы тийбеген, жумушчуларын гана баккан ишкана экендигин белгилеп, «Кыргызнефтегаз» жылына өндүргөн 173 миң тонна мунайдан канча бензин алынаары жана ал өлкөдөгү күйүүчү май рыногуна канчалык таасир эте алаары тууралуу сурады.

«Андан 15 миң 821 тонна бензин алынат. Бул болгону Кыргызстандын керектөөсүнүн 5-6%ын гана (дизель майы менен кошулуп) камсыздайт. Күйүүчү май рыногуна таасир эте албайбыз», – деген Нишанов ишканада 2 миңден ашык жумушчу бар экенин айтты.

Белгилей кетсек, Нефтетрейдерлер ассоциациясы берген маалыматка ылайык, Кыргызстандын күйүүчү майды жылдык ички керектөөсү 1.4 млн тоннаны түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана