Доллар көтөрүлдү деп товарлардын баасын чукул көтөрүштү, бирок доллар түшкөндө аларды арзандатканды унутуп калышты – депутат

Доллар көтөрүлдү деп товарлардын баасын чукул көтөрүштү, бирок доллар түшкөндө аларды арзандатканды унутуп калышты – депутат

Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков доллардын наркы төмөндөгөнүнө байланыштуу Министрлер кабинетине Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине азык-түлүктүн баасын төмөндөтүү боюнча тапшырмаларды берүүнү сунуштады.

Кадырбеков доллар көтөрүлдү деп товарлардын баасы чукул кымбаттаганын айтты.

«Биринчи кезекте азык-түлүктүн баасы көтөрүлдү. 105 сомго чыккан доллар, кайра мурдагы 85 сом деңгээлиндеги калыбына түштү, бирок азык-түлүктүн баасы арзандабай кала берди. Монополияга каршы агенттикке базарды көзөмөлдөөгө тапшырма бергиле. Эмне үчүн бааны көтөргөндө бат көтөрүшөт, бирок доллар түшкөндө арзандатышты унутуп калышат», – деди депутат.

Кошумчалай кетсек, жыйында азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымат берген Министрлер кабинетинин төрагасынын жаңы дайындалган орун басары Бакыт Төрөбаев Мамлекеттик материалдык резервге кошумча 12 миң тонна кумшекер, 5 миң тонна өсүмдүк майы алынаарын билдирди.

Бүгүн, 30-мартка карата Кыргызстандын айрым банктарында доллардын сатып алуу курсу 83.5 сомго чейин төмөндөсө, көпчүлүк банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 84-84.7 сомду түзүүдө. Эскерте кетсек, Россия-Украина согушуна байланыштуу доллар 105-106 сомго чейин көтөрүлгөн болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана