Бүгүнкү күндө республика боюнча 45 миң ККМ колдонулууда
Бүгүнкү күндө республика боюнча 45 миң 35 контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонулууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча кеңешмеде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.
Абдувапов билдиргендей, 2022-жылдын I кварталы үчүн салык чогултуу белгиленген планга карата –103.2%га, же 1 млрд 125.9 млн сомго ашыкча аткарылган.
«2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 14 млрд 640,5 млн сомго көп чогултулуп, же өсүү темпи 167.3%ды түздү. ККМди ишке киргизүүгө токтолсок, бүгүнкү күндө республика боюнча 45 миң 35 ККМ колдонулууда, анын ичинде 22 миң 173 даанасы – аппараттык-кассалык машиналар жана 22 миң 862 даанасы – программалык кассалык машиналар», – деди ал.