Кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиени кимдер, кандай ала алышат?

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиени кимдер, кандай ала алышат?

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги  кош бойлуулук жанга төрөт боюнча маяна алуу тартиби тууралуу маалымат берди.

Кош бойлуулук жана төрөттө боюнча пособие кимдерге берилет:

  • жумуш берүүчү менен кызматтык мамиледе болгон аялдар;
  • жеке ишкерлер;
  • дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрү;
  • расмий түрдө жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук пособиесине укуктуу аялдар.

Пособие алуу үчүн негизги документ – саламаттык сактоо мекемелери тарабынан берилген эмгекке жараксыздык барагы.

Пособие алуу үчүн кайрылуу:

  • кызматтык мамиледе иштеген аялдар – иштеген жеринде;
  • жеке ишкерлер, дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү жана расмий жумушсуздар – аймактык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына.

Пособие алуу үчүн керектелүүчү документтер:

  • жумушчу аялдар – арыз (эркин формада) жана эмгекке жараксыздык барагы;
  • жеке ишкерлер, дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү жана расмий жумушсуздар – расмий формадагы арыз жана персоналдык жеке номер (ПИН);
  • кошумча маалыматтар "Түндүк" электрондук платформасы аркылуу алынат.

Пособие өлчөмү жана төлөө тартиби:

  • жумушчу аялдар үчүн – биринчи 10 жумуш күнүнө 100% айлык акысын төлөө; 11-күндөн тарта – республикалык бюджеттен ай сайын 20 эсептик көрсөткүч (2 миң сом);
  • жеке ишкерлер, дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү жана жумушсуз аялдар – 11-күндөн баштап айына 20 эсептик көрсөткүч (2 миң сом);
  • 2024-жылдын 1-январынан баштап 11-күндөн тарта пособие өлчөмү 20 эсептик көрсөткүч (айына 2 миң сом) менен аныкталат;
  • тоолуу жана алыскы оор шарттагы аймактарда иштеген аялдар үчүн – бардык жумуш күндөрү 100% айлык акысын төлөө.

11-күндөн кийин пособие төлөмдөрү борборлоштурулган түрдө, министрликтин тиешелүү бөлүмү аркылуу, "Элдик банк" же "Айыл банк" аркылуу алууга арыз берген адамдын паспорту менен жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media